19:41 22 февраля 2018

ЖАМУда Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата маданий иш-чара уюштурулду

ЖАМУнун Экономикалык-юридикалык жана Табигый техникалык факультеттеринин студенттери 21-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата “Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга” аттуу маданий иш-чара уюштурушту. Бул тууралуу Юриспруденция кафедрасынын башчысы Бекжан Алымкулов билдирди.

Иш-чарага ЖАМУнун ректору Кеңешбек Усенов жана окуу жайда эмгектенген Ооган согушунун ардагерлери келип, студенттердин таланттарына күбө болушту.

"Студенттер конокторго өз таланттарын тартуулап, алардын Ата Мекенди коргоо үчүн жанын аябай кан кечип, согуш талаасында эрдик көрсөткөндөрүнө таазим кылышты. Алардан алган кеп-кеңештер азыркы жаштарга зор үлгү болуп, патриоттук сезимдерин ойготот", - дейт Б.Алымкулов.

Бизге бейпил жашоону тартуулаган ата-бабаларыбызга, Ооган согушунунун ардагерлерине ар убак ыраазычылыгыбызды билдирип, аларды урматтоо азыркы муундун парзы экенин кошумчалады ал.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть