12:26 26 февраля 2018

ОшМУ менен ФерМУнун кызматташыгы башталды

ОшМУнун үч адамдан турган делегациясы филол.и.д., профессор Капар Зулпукаров, пед.и.к., доцент Калмамат Абдиев, филол.и.к., доцент Семетей Амиралиев 2 күндүк иш сапары менен Фергана мамлекеттик университетинде болуп келишти.

Иш сапардын алкагында делегация Фергана мамлекеттик университетинин ректору, х.и.д., профессор Алишер Хаитбаев менен жолугушуп эки тараптуу кызматташууну жандандыруу багытында сөз кылышты.

Иш сапардын экинчи күнү университеттин факультеттеринде болушуп, окутуучулар жамааты, студенттер менен жолугуп, пикир алышып, билим берүүгө түзүлгөн шарттары менен таанышышты. Жолугушууда окутуучулар менен эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү, окуу процесси туурасында баарлашып, студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

Ошондой эле профессор Капар Зулпукаров кыргыз-кытай тилдериндеги окшош сөздөр боюнча орус тили адистигинде окуган 1-2-курстардын студенттерине кызыктуу лекция окуду.

“Эки университеттин кызматташтыгынын жогорку деңгээлге чыгуусуна өзгөчө салым кошуучу университеттин эл аралык байланыштар офисинде болуп, бөлүмдүн ишмердүүлүгү менен жакындан тааныштык. Эки университеттин кызматташтыгын арттыруучу бир топ маселелерди талкууладык. Өзгөчө академиялык мобилдүүлүк, конок лекцияларды уюштуруу, он-лайн семинарларды өткөрүү, эл аралык долбоорлор, программалар менен биргеликте иштөө сыякттуу кызматташуунун көп векторлуу багыттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Сапардын алкагында ФерМУнун 88 жылдык музейи менен да тааныштык”, - деди иш сапар боюнча маалымат берген ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Семетей Амиралиев.

Белгилей кетсек, Фергана мамлекеттик университетинде 9 факультетте 8 000ден ашуун студент-магистрант билим алышат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть