15:42 27 февраля 2018

Кыргыз экономикалык университетинде эне тил майрамы өткөрүлдү

Ар жылы М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде башка майрамдар сыяктуу эле Бириккен Улуттар уюмунун агартуу, илим жана маданият маселелери боюнча уюму тарабынан жарыяланган «Эне тил майрамы» да майрамдалып келет. Бул жылы 21-февраль күнү белгилүү Кыргыз эл акыны, II-III даражадагы Манас ордендеринин, Б.Сарногоев атындагы сыйлыктын жана Токтогул атындагы мамлекеттик ошондой эле, КМШ Парламентер аралык ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын ээси Шайлообек Дүйшеев 1-2-курстун студенттерине көчмө меймандосчулук дарсын өткөрдү.

Экс президентибиз Алмазбек Атамбаевдин «Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу жана эне тилдин макамын көтөрүү максатында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде ар кандай иш чаралар уюштурулуп турат.

Университетте көптөгөн улуттун өкүлдөрү билим алып келишет. Ар бир студенттин эне тилин сыйлоо менен Мамлекеттик тилди да өздөштүрүүгө салым кошуубуз абзел. Анткени, Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп саналат. Ал эми Шайлообек Дүйшеев агабыз эне тилге өзгөчө басым койгон, мекенчил инсандарыбыздын бири.

Кечени Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы Назира Жакыповна ачып, куттуктоо сөзүнөн кийин университеттин Илим жана мамлекеттик тил боюнча проректору Көбөгөн Атышевич Атышевге сөз берди. Көбөгөн агай эне тилдин баалуулугу, артыкчылыгы жана анын келечеги туурасында баяндама жасады.

Студенттер тарабынан Шайлообек агайдын ырларын Сыймык Иражапаев, Шайгүл Жыргалбек кызы жана Адина Мамырбековалар көркөм окуду, ал эми 2-курсунун студенти Өмүрзак Ажыбеков агайдын «Кайдыгерлик» ыры менен биргеликте эне тилге арнаган авторлук чыгармасында «Кайрылуу» деген ырын көркөм окуду.

Студенттер акындын балалык кезине, ырга аралашып калуу себептерине, үч томдук жыйнагынын эмне үчүн мындай аталып калгандыгына кызыгышты.

Кыргызда бата менен эл көгөрөт деген кеп бар эмеспи, ошол сыӊары жаштарга Шайлообек агай батасын берди. Ар бирине талыкпас эмгек, көбүрөөк китеп окууга жана мекенин сүйүүгө үндөп, аларга чын ден соолук каалады.

Андан соӊ Мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлү Мирбек Окенов Tamga Soft программасы менен студенттерди тааныштырып, кыргыз тамгаларын, сөздөрүн интернет барактарында колдонулбаса, кыргыз тили сайттан чыгып калуу коркунучу бар экендигин маалымдады.

Ар бир элдин эне тили бар. Ал тил менен баарлашат, келечектеги муунга өткөрүп берет. Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак ар бир 14 күндө бир тил жоголуп барат. Ошол тилдердин ичине Кыргыз тили да кирип калбашы үчүн болгон күч аракетибизди жумшап, ата-бабаларыбыз кылымдар бою сактап келген тилди, келечектеги муунга өткөрүп бербесек тарых бизди кечирбес.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть