11:25 28 февраля 2018

ОшТУнун студенттери олимпиадага көмөк көрсөтүштү

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган окуучулардын республикалык олимпиадасынын III баскычы 2018-жылдын 26-27-февралында Бишкек жана Ош шаарларында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ыссык-Көл, Талас жана Чүй облустарында өткөрүлдү.

Ош областы боюнча окуучулардын олимпиадасы Ош шаарындагы У.Салиева атындагы орто мектебинин базасында уюштурулуп, Ош технологиялык университетинин 45 студенти волонтер катары кызмат көрсөтүштү. Студенттер окуучуларга көз карандысыз адистер менен биргеликте уюштуруу иштерине көмөктөштү.

Белгилей кетсек Ош шаары боюнча өткөрүлгөн олимпиаданын биринчи баскычы Ош технологиялык университетинин базасында уюштурулуп, мектеп мугалимдери, ата-энелер окуу жай тарабынан уюшулган шартка, ачык айкындуулукка ыраазычылык билдиришкен.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть