14:50 28 февраля 2018

ОшТУ “Кызматташуу меморандумуна” мүчө болду.

27-февраль күнү Ош ЖИА Бизнес Ассоциациясы менен Ош шаарындагы жогорку окуу жайлары “Кызматташуу меморандумуна" кол коюшту. Меморандумдун максаты тууралуу аткаруучу директор Жасур Парпиев жана ОшЖИА Бизнес Ассоциациясынын Башкаруу кенешинин төрагасы Акаев Канатбек жана окуу жайдын жетекчилери маалымат беришти. Ош технологиялык университети менен ОшЖИА Бизнес Ассоциациясы студенттерди акысыз стажировкадан өткөрүү боюнча кызматташып келген. Меморандумдун алкагында “Бүтүрүүчүлөр үчүн иш орундарын даярдоо” долбоорун ишке ашыруу тууралуу пикир алмашылды. Долбоордун максаты-окуу-таанышуу, өндүрүштүк практикаларга жайгаштыруу, студенттерге тажрыйба топтоо үчүн акысыз стажировкаларды уюштуруу, келечекте туруктуу жумуш ордун камсыз кылуу, окуу жайларда ишкерлер менен биргеликте карьералык өсүү боюнча семинарларды уюштуруу жана студенттер тарабынан жазылган бизнес идеяларды жана бизнес долбоорлорду каржылоо жагы талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында “Кызматташуу меморандуму” кол коюлуп, окуу жайлардагы Карьера борбору менен биргеликте иш жүргүзүү сүйлөшүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть