14:56 28 февраля 2018

ЖАМУнун студенттери билим сынашты

ЖАМУнун Экономика жана юридикалык факультетинин  205-аудиториясында 26-февраль күнү ЖАМУнун Жаштар комитетинин алдында түзүлгөн “Даанышман” интеллектуалдык клубунун кезектеги иш-чарасы болду. Бул тууралуу Жаштар комитетинен билдиришти.

Экономика жана юридикалык факультетинин «Жаш лидер» жана табигый техникалык-факультетинин «Ойчулдар» курама командаларынын ортосунда таймаш жүрдү.

Жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усеновдун айтымында “Даанышман” интеллектуалдык оюнуна эки командадан бештен болуп, жалпы 10 студент ойноду. Мында командаларга “Илим жана техника”, “Биология”  багыттары боюнча жалпы 30  суроо берилген. Жыйынтыгында “Ойчулдар” командасы 18 упай топтосо, “Жаш лидер” командасы 12  упай жыйнай алышты. Ошентип, оюндун соңунда табигый-техникалык  факультетинин  студенттери жеңишке жетишишти

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть