14:45 1 марта 2018

ЖАМУда Туу күнүнө жана Ак калпак күнүнө карата жыйын өткөрүштү

Бүгүн, 1-март күнү ЖАМУнун Табигый-техникалык факультетинин Химия кафедрасынын окутуучулары жана студенттери 3-март – Туу күнүнө жана 5-март  Ак калпак күнүнө карата жыйын өткөрүштү.

Жыйынды ачып берүү үчүн кафедра башчысынын орун басары, ага окутуучу Н.Жолдошалиева окутуучуларды, студенттерди бүгүнкү кирип келген жаз мйрамы менен куттуктады. "Жаз айларынын башталышы биздин мамлекет үчүн майрамдардын башталышы десек болот. 3-март баарыбызга белгилүү Туунун кабыл алынган күнү, ал эми 5-март кыргыз эли кадырлап-барктап, башынан түшүрбөй кийип келген баш кийими болгон Ак калпак күнү. Мамлекеттин символу болгон Тууну дайыма ардактап, сыйлап жана Ак калпагыңарды кадырлап, башыңардан түшүрбөй кийип жүрүүгө силерди чакырам. Баарыңарды ушул кирип келген майрамыңар менен куттуктап, катышуучуларды патриоттуулукка жана гумандуулукка чакырам", - деди ал.

Андан кийин химия адистигинин 4-курсунун студенти Акпаралиева Орозбү “Кыргыз туусу” аталышында баяндама окуду. Анда Манас атабыздын туусунан баштап, азыркы күнгө чейин асабаларбыздын тарыхы жана маани-маңызы камтылган. Ошондой эле, аталган адистиктин 3-курсунун студенти Мырзакул кызы Мадина “Асмандан жарык көрсөң жылдыз деп бил, Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил” деген ураан менен баяндама жасады. Жыйын учурунда баяндамачыларга суроолор берилип, талкуу жүрдү. Талкуу учурунда студенттердин ортосунда макал-лакаптар айтылып, ак калпак тууралуу көркөм ырлар окулду.

Ал эми Химия адистигинде жалпы 50дөн ашуун студент билим алууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть