12:03 12 марта 2018

ЖАМУда майрамдык концерт уюштурулду

Айымдардын Эл аралык майрамына карата ЖАМУнун чоң жыйындар залында 7-март күнү окуу жайдын маданий-эстетикалык борборунун кызматкерлери профессордук–окутуучулар курамына жана кызматкерлерине арналган маданий иш-чара уюштурушту. Мындай маалыматты аталган борбордон билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө ЖАМУнун ректору, профессор, Кенешбек Усенов: “Баарыңыздарды жаздын, жаңылануунун жарчысы болгон Эл аралык айымдар күнү менен чын дилимден куттуктайм! Байыртан элибиз кыз баланы сыйлап, барктап келген. “Бейиш – энелердин таманынын алдында”, “Аял – үйдүн куту”, “Аял жакшы – эр жакшы”, “Кыздын кырк чачы улуу” – деген сыяктуу улуу элибиздин нарк-насилдүү сөздөрүнүн ээси сиздерсиздер!

Жамаатын арасында ар бириңиздердин өз ордуңуздар бар жана университетибиздин өсүп-өнүгүшүнө зор салымыңыздарды кошуп келе жатасыздар. Ошондой эле, жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүнө, жашоо-турмуштун бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда сиздердин эмгекке баа жетпейт, асылкеч айымдар! Бүгүн сиздер үчүн өзгөчө күн", - деп куттуктады.

Ал эми ЖАМУнун Маданий-эстетикалык борбору тарабынан даярдалган концертте мугалимдер ыр-бийлерди аткарылып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашды. Андан сырткары, айрым окутуучуларга беректер ыйгарылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть