9:14 15 марта 2018

ОшМУ Батыш Чех университети менен жаңы кызматташтыктарды талкуулады

Иш сапарда жүргөн Ош мамлекеттик университетинин делегациясы 13-март күнү Чехиянын Плзень шаарында жайгашкан Батыш Чех университетинде болушту.

Университеттин ректору, профессор Каныбек Исаков жетектеген делегация буга чейин кызматташтыкта болуп келген Батыш Чех университетинин ректору менен жолугушту. Жолугушууда эки окуу жайдын ортосундагы өз ара кызматташтыктар тууралуу сөз болду.

Делегация Батыш Чех университетинин философия, искусство, электр энергия, инжинердик жана лингвистика факультеттеринде болушуп, билим берүү программалары, билим алууга түзүлгөн шарттар менен жакындан таанышышты. Ошондой эле бир топ программалар менен өз ара кызматташуу тууралуу келишимдерге кол коюшту.

Белгилей кетсек, 2017-жылы ОшМУ менен Батыш Чех университетинин ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө келишимдерге кол коюлган.

Бул келишимдерге ылайык октябрь айында Батыш Чех университетинин философия жана искусство факультетинин деканы, т.и.д., PhD Павел Варжека жана декандын орун басары Давид Шанц ОшМУга иш сапары менен келип, тиешелүү факультеттерде конок лекцияларды өтүп кетишкен. Ал эми ОшМУнун 10 студенти Батыш Чех университетинен, Батыш Чех университетинин 8 студенти ОшМУдан 1 айлык академиялык мобилдүүлүктөн өтүшкөн.

Батыш Чех университети II Дүйнөлүк согуштан кийин ачылып, учурда 9 факультетте 13 миңден ашык студенттер билим алышат. Чет өлкөлөрдөн келип, түрдүү гранттык программалардын негизинде билим алып жаткан студенттердин саны 10%дан жогору.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть