16:49 24 марта 2018

Америкалык профессор Ош МУда конок лекция окуду

Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору, америкалык илимпоз Чарлз Карлсон (Charles Carlson) Ош МУга келип, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин магистранттарына жана студенттерине лингвистиканын актуалдуу маселелери боюнча конок лекция окуду. Лекциянын угуучулары кызыктуу маалыматтарга ээ болду.

Профессор Чарлз Карлсон ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректор Абдыганы Абдувалиев менен жолугушуп, эл аралык байланыштарды өнүктүрүү багытында маселелерде пикир алышты. Анда Америкалык ЖОЖдор менен Ош МУнун алакасын арттыруу. ОшМУнун студенттерин Американын колледждерине эки жылыдык тил үйрөнүү боюнча даярдоо курстарына жиберүү, окумуштуулардын конок лекцияларын уюштуруу сыяктуу бир топ маселелерде көмөк көрсөтүү тууралуу сөз болду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть