22:00 26 марта 2018

ОшМУнун студенттери Сеул шаарында көктөм майрамын белгилешти

Түштүк Кореянын жогорку окуу жайларында билим алмашып жаткан Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетинин 10 студенти Сеул шаарында нооруз майрамын белгилешти. Аталган иш чарада студенттер Кыргызстандын Түштүк Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султанов менен таанышып, майрамдык иш чарага активдүү катышышты. Студенттер кыргыздын улуттук ыр-бийлерин аткарышып, улуттук баалуулуктарыбызды даңазалашты. Ошондой эле нооруздун негизги тамагы болгон сүмөлөк менен келген конокторду даам сыздырышты.

Жогорудагы маалыматтар менен бөлүшкөн ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканы Эрлан Камалов учурда Түштүк Кореянын Сеул университетинде Бексултан Аматов, Бексок университетинде Аксана Боромбаева, Бегайым Нормирзаева, Нуржамал Аданбаева, Абдыкадыр кызы Жаркынай, Ханянг университетинде Эркинбек кызы Аймүрөк, Чонбук улуттук университетинде Аттокур кызы Аида, Жеңишбек кызы Жайнагул, Замирбек кызы Нускайым, Донг-А университетинде Матмуса уулу Сардарбектер билим алып жатышкандыгын белгиледи.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть