23:13 27 марта 2018

ОшМУнун 10 студенти Батыш Чех университетине билимин жогорулатышат

Чехия мамлекетинин Батыш Чех университети менен ОшМУнун ортосундагы академиялык мобилдүүлүк алкагында кызматташуу жөнүндөгү эки тараптуу келишимдердин негизинде ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин 10 студенти жана англис тили окутуучусу Жамийла Азимова Чехиянын Пльзень шаарында жайгашкан Батыш Чех университетине 30-март күнү билим алуу максатында сапарга аттанууда. ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков бүгүн аларды кабыл алып, өзүнүн батасын берип, ак жол тилеп, билимдерин өркүндөтүп, тажрыйба алмашып келүүсүнө ийгиликтерди каалап узатты. Жолугушуу учурунда студенттер түзүлгөн шарттар жана колдоосу үчүн университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.

“ОшМУдан барган студенттер англис тилиндеги тайпаларда окуп, дискуссия клубдарына катышып, студенттер менен достошуп, жыйынтыгында академиялык мобилдүүлүк программасынан өткөндүгү жөнүндө Батыш Чех университетинин сертификаттарына ээ болушат. Билим алуу менен бирге Европанын башка мамлекеттеринде да болуп, алардын тили, маданияты, тарыхы, экономикасы, саясий түзүлүшү менен таанышып кайтышат”,- деди Эл аралык мамилелер факультетинин деканы Эрлан Камалов.

Учурда эки окуу жай жетекчиси тарабынан университеттер ортосунда өз ара кызматташтыкты арттыруу, тажрыйба бөлүшүү, студент, магистранттарды, докторанттарды академиялык мобилдүүлүк багытында алмашуу, окутуучуларды, илимпоздордун биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, стажировкаларды уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюлган.

Белгилей кетсек, 2017-2018-окуу жылынын күзгү семестринде Батыш Чех университетинин ортосундагы академиялык мобилдүүлүк алкагында кызматташуу жөнүндөгү эки тараптуу келишимдердин негизинде келген 8 студент ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин эл аралык мамилелер адистиги боюнча билим алып кетишсе, аталган университеттин философия жана искусство факультетинин деканы, т.и.д., профессор Павел Варжека жана декандын орун басары Давид Шанц ОшМУда конок лекцияларды өтүшүп, тажрыйба бөлүшкөн. Ошол эле учурда ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин 7 студенти жана бир окутуучусу Батыш Чех университетинде окуп, тажрыйба топтоп келишкен.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть