15:52 2 апреля 2018

ЖАМУда«Кытай көпүрөсү» сынагы болуп өттү

«Кытай көпүрөсү» аттуу кытай тили боюнча дүйнөлүк студенттер арасындагы сынактын XVII туруна катышуу үчүн мыктыларды тандоо сынагы 31-мартта Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Конфуций институтунда болуп өттү.

Сынакка институттун 16 тил үйрөнүүчүсү катышты. Алардын 1-турда оратордук чеберчилиги, билими сыналса, 2-турда өздүк чыгармачылыгы каралды. Натыйжада 5 катышуучу мыкты деп табылып, үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде Бишкекте өтүүчү сынакка жолдомо алышты. Калган катышуучулар институттун Грамотасы, баалуу белектери менен сыйланышты.

Институттун кыргыз директору, фил.и.к., доцент М.Р.Шакирова өз ою менен бөлүштү.“Биздин курстардан кытай тилин үйрөнүп жаткан студенттерибиздин, окуучуларыбыздын даярдыгы мыкты болду. Ар бир катышуучуну бирден кытай окутуучусу, ыктыярчысы ээрчитип жүрүп даярдашты. Конкурстун жеңүүчүлөрү 2017-жылдын сентябрынан 2018-жылдын февралына чейин Кытайга 6 айлык стажировкага барып келген студенттерибиз болушту. Алардын сүйлөө речи бир топ өнүккөндүгүн, ар бир тапшырманы ишенимдүү аткарып жатышкандыгына күбө болдук. Демек, курстун алдыңкы үйрөнүүчүлөрүн Кытай Эл Республикасына стажировкага жиберүү иштерин күчөтөбүз. Тил үйрөнүүнү каалаган жаштарыбызга ар тараптан шарттарды түзүп, колдоп туруубуз милдет деп эсептейбиз”, – дейт ал.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть