12:41 4 апреля 2018

ОшТУда “Көчмөндөр цивилизациясы: маданияты, экономикасы жана карым-катнашы” илимий семинары уюштурулду.

ОшТУда “Көчмөндөр цивилизациясы: маданияты, экономикасы жана карым-катнашы” аттуу студенттик илимий семинары өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун "2018-жыл Кыргыз Республикасында Региондорду өнүктүрүү жылы" деп жарыяланган Указына ылайык 4-апрель күнү Ош технологиялык университетинде “Көчмөндөр цивилизациясы: маданияты, экономикасы жана карым-катнашы” аттуу студенттик илимий семинары болду. Аталган иш-чара окуу жайдын Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаменти, Илим бөлүмү жана Коомдук илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулду. Негизги максаты студенттерге Көчмөн элдеринин оюндары жана өзгөчөлүктөрү тууралуу кенен маалымат берүү болуп саналат. Аймактардан келип окуп жаткан студенттер өз жергесиндеги каада салттардын, түшүнүктөрдүн өзгөчөлүктөрү тууралуу ой бөлүшүп, кызуу талкууга алынды.Бул илимий семинарга Ош шаарындагы Жогорку окуу жайларынан да коноктор чакыртылган. Катышкан студенттерге жана окутуучуларга лекциялар окулуп, видео роликтер көрсөтүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть