15:03 6 апреля 2018

Борбордук Азия Университети өзүнүн Нарын кампусунда алгачкы жолу «Бириккен Улуттар Уюмунун модели» аттуу конференцияны кабыл алды

Автор: УЦА

2018-жылдын 1-апрель күнү Борбордук Азия Университетинин Нарын кампусунда өткөн «БУУнун модели» конференциясына 50дөн ашык студенттер катышты. Конференциянын алкагында студенттерге Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ишин моделдөө аркылуу татаал эл аралык мамилелер системасы тууралуу билүүгө мүмкүнчүлүк берген аянтча болду. Иш-чаранын катышуучулары 3 негизги теманы талкуулашты: мамлекеттик мекемелердин иштериндеги аялдардын катышуусун кеңейтүү, Евробиримдиктин өлкөлөрүндөгү мигранттардын социалдык-маданий байыр алышы (адаптация), ошондой эле өзөктүү (ядролук) курал-жаракты жайылтуунун коркунучтары.

«Борбордук Азия Университети өзүнүн Нарын кампусун куруу аркылуу Кыргызстандын алыскы аймактарынын өнүгүшүн камсыз кылып жатат», - деп белгиледи өз сөзүндө «Ала-Тоо» Эл аралык университетинен Диана Бекибаева - «Бул иш-чараны Борбордук Азия Университетинде уюштуруу эң жакшы идея болгон. Анткени аталган иш-чара аркылуу Бишкектен келген студенттер башка университеттерди жана алыскы аймактарды көргөнгө мүмкүнчүлүк алышты».

Конференцияга Нарын Мамлекеттик Университетинин, Борбордук Азиядагы Америка Университетинин, «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин, Борбордук Азиядагы Эл аралык университеттин, «Манас» кыргыз-түрк университетинин, Ташкентеги Эл аралык Вестминстер университетинин, Бишкектеги ОБСЕ Академиясынын, Бишкектеги кыргыз-түрк лицейинин, Борбордук Азиядагы Америка университетинин «Билимкана» мектебинин, Нарын шаарындагы кыргыз-түрк лицейинин, ошондой эле Борбордук Азия Университетинин (Нарын (Кыргызстан) жана Хорог (Тажикстан) кампустарындагы) студенттери катышышты.

«Мен «БУУнун модели» боюнча ар кыл өлкөлөрдө өткөн 22 эл аралык конференцияга катышкам. Борбордук Азия Университетиндеги БУУ модели конференциясы жогорку деңгээлде уюштурулган жана эң сонун курулган кампуста өтүп жатат», - деди Ташкенттеги Вестминстер университетинен келген Толиб Мутофаев – «Бардык студенттер таланттуу экен; баарысы тең талкууланып жаткан маселелер боюнча жакшы билишет экен жана сынчыл ой жүгүртүүнүн эң мыкты көндүмдөрүнө ээ экендиктери көрүнүп турду. Чынын айтсам алар мындай конференцияны биринчи жолу кабыл алып жатканына ишене алган жокмун».

Борбордук Азия Университетинде өткөн «БУУнун модели» конференциясынын максаттарынын бири дебаттар, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эл алдына чыгып сүйлөө чөйрөсүндө студенттердин көндүмдөрүн арттыруу болуп саналат. Ушуга байланыштуу иш-чара форум үлгүсүндө уюштурулуп, анда жаштар жогоруда аталган көндүмдөрүн бекемдеп жатышты. «Конференция жогорку деңгээлде уюштурулду. Конференция бизге көйгөйлүү маселелерди билүүгө жана өзүбүздүн чечимдерибизди сунуштоого жардам берди. Бардык студенттер мыкты даярдыктан өтүшкөн жана дебаттарга катышууда, ошондой эле элдин алдына чыгып сүйлөөдө көп тажрыйбаларга ээ болушкан десем жаңылышпайм», - деп баса белгиледи Борбордук Азиядагы Америка Университетинин студенти Бакай Абдыкул уулу.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть