10:53 11 апреля 2018

ЖАМУда “Польша жумалыгы” өткөрүлүүдө

Польша Республикасынын көз карандысыздыгынын 100 жылдык мааракесине карата “Польша жумалыгы” өткөрүлүүдө. Иш-чара 9-апрелден 14-апрелге чейин Кыргызстандын бардык аймагында жүргүзүлөт. Бул тууралуу ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгүл Доранова билдирди.

Жумалыктын алкагында Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 10-апрель күнү Польша мамлекетинин Кыргызстандагы ардактуу консулу А.Златкин баштаган делегация болду. Келген конокторду бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана окуу жайдын кызматкерлери салтанаттуу тосуп алышты.

Эки күндүк иш сапардын жүрүшүндө делегация алгач университетте уюшулган “Генерал Андерстин” көргөзмөсүнө катышып, студенттер менен жолугушту. Андан соң Польша мамлекетинин согуш ардагерлеринин эстелигине гүл чамбар коюлду. Ал эми 11-апрелде “Генерал Андерстин” элесине арналган мектептер аралык футбол боюнча мелдешке катышып, шаардагы музейлер жана экспонаттар менен таанышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть