11:28 11 апреля 2018

ЖАМУнун медицина факультетинин доценти Орусиядагы талкуу-семинарларга катышып келди

ЖАМУнун медицина факультетинин медициналык-биологиялык дисциплиналар кафедрасынын башчысы химия илимдеринин кандидаты, доцент Эрназарова Бактыгүл 28-апрелден 4-апрелге чейин Москва шаарындагы А.Ю.Баришник атындагы XV Бүткүл Россиялык «Жаны антисептикалык дарылар жана медициналык технологиялар: жетишкендиктер, проблемалар жана келечек» аттуу илимий-практикалык конференцияга катышып келди.

Конференцияда синтетикалык жана табигый жол менен алынган шишик жана рак оорусуна каршы медициналык дарылардын касиеттери, дарылоо жолдору, онкологиядагы клеткалык технологиялар, фотодинамикалык терапия, шишик оорусуна каршы лазердик колдонуу ж.б. шишик жана рак оорсуна каршы илимий изилдөөлөр талкууланды.

Андан тышкары, В.Н.Орехович атындагы Биомедициналык химия илимий изилдөө институтунда стажировкада болуп, медициналык дары заттардын активдүүлүгүн, метаболизмин, уулулугун алдын ала компьютердик прогноздоо боюнча «Way2Drug» программасын колдонуу боюнча программанын автору биология илимдеринин доктору, профессор В.В.Поройков менен келишим түзүлдү.

Россиянын саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Н.Н.Блохина атындагы улуттук медициналык онкологиялык изилдөө борборунда болуп, илимий иштер тармагынды келишимдерди түзүү боюнча алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Андан сырткары, 3-апрелде Б.Эрназарова  В.Орехович атындагы Биомедициналык химия илимий изилдөө институтунда Америкалык Кошмо Штатындагы Чаппел-Хилладагы Эшельман атындагы Түндүк Каролина университетинин профессору Алекс Тропша тарабынан уюштурулган «The Splendorsand Miseries of Chemica lAlerts» аттуу семинарга катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть