15:03 11 апреля 2018

Ала-Тоо эл аралык университетинде «Ырдайлы, кыргыз ырларын» кароо-сынагы өткөрүлөт

Автор: Кыргыз тилин үйрөтүү бөлүмү

Ала-Тоо эл аралык университетинде «Ырдайлы, кыргыз ырларын» кароо-сынагы өткөрүлөт.

Университет эл аралык болгондуктан чет өлкөлөрдөн көптөгөн студенттер келип окушат. Ошондуктан да, аталган иш-чарада Түркиядан, Египеттен, Сомалиден, Индиядан, Казакстандан, Тажикстандан келип окуп жаткан студенттер катышышат.Мындан башка Кыргызстанда жашаган башка улуттар; орус, уйгур, өзбек, татар,кавказ, дунган улутундагы студенттер кыргыз тилинде ыр ырдашып, кыргыз бийлерин бийлешет. Негизинен, бул иш-чара кароо-сынак түрүндө өткөрүлөт.

Кошумча иретинде университетте иштеп жаткан чет өлкөдөн келген агай,эжелерибиз да программанын коногу катары ырдашат.

Мамлекеттик тилдин урматына жана Кыргызстанда жашаган элдер ортосундагы ынтымактуулуктун баркын көтөрүү максатында ушул иш-чара басма сөз жана теле берүү аркылуу чагылдырылса жакшы болот эле.

Дареги: Ала-Тоо эл аралык университети, Башкы корпус, Тунгуч кичирайону, Анкара көчөсү1/8 (мурдагы Горький)

Убактысы: 12-апрель, саат 15:00

Уюштуруу топ: Кыргыз тилин үйрөтүү бөлүмү

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть