9:10 25 апреля 2018

ОшМУда «Ата-энем - бейишим» аттуу жолугушуу кечеси болуп өттү

Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде 24-апрель күнү "Ата-энем - бейишим" деп аталган жолугушуу кече болуп өттү. Жолугушууга ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков катышып, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор Түмөнбай Колдошов, ОшМУнун бүтүрүүчүсү, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Оштогу филиалынын жетекчиси Гулмира Эркулова жана факультеттин деканы, окутуучулар, ата-энелер, студенттер катышышты.

Жолугушуунун алкагында университеттин ректору Каныбек Исаков университеттин өнүгүү багыттары боюнча презентация жасап, мыкты окуган студенттердин ата - энелерине ыраазычылык каттарды тапшырды. Ошондой эле университет заманбап билим гана бербестен, улуттук таалим-тарбиялуу, бийик адамгерчиликтүү инсандарды тарбиялоого басым жасап келе жаткандыгын белгиледи.

Аталган кече Кл(б)-1-17 тайпасынын куратору Мастура Шарипованын демилгеси менен уюштурулуп, анда аталган тайпанын таланттуу студенттери тарабынан жагымдуу маанай тартуулаган концерттик программа коюлду.

Белгилей кетсек, аталган жолугушуу кечеси ата-энелер менен университеттин, студенттердин карым-катышын чыңдоо максатында уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть