11:27 26 апреля 2018

ОшМУда мамлекеттин эсебинен окуган 242 жаш педагог мектептерге бөлүштүрүлдү

2017-2018 окуу жылында Ош мамлекеттик университетиндеги педагогикалык (бюджет) адистикке ээ болгон бүтүрүүчүлөрдү жалпы билим берүүчү мектептерге бөлүштүрүү иш чарасы Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген график боюнча бүгүн 23-24 - апрель күндөрү өткөрүлдү.

Жалпы университет боюнча 9 факультет (242 бүтүрүүчү) бөлүштүрүүгө катышты. Иш чараны ОшМУнун ректору, профессор К.А.Исаков ачып берди. Өз сөзүндө аймактарды өнөктүрүү жылыны карата жаш адистерди айыл аймактарга жана толуу райондордо иштеп берүүсүн белгилеп кетти. ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, кадрлар бөлүмүнүн башчысы, профкомдун төрагасы, факультеттин декандары, тайпалардын кураторлору, Ош облусунун райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү келип катышты.

Жалпысынан Ош шаарынан 163 бош орун, райондордон 167 бош орундар (заявка) түшкөн, бүтүрүүчүлөр келген бош орундарды өздөрү жашаган аймактарга ынгайлаштырып тандап алышты жана талапнаамаларынын негизинде бөлүштүрүлдү.

Карьера борборунун жетекчис Жакыпова Гулмира акыркы 5 жылдагы педагогикалык адистиктин бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка жайгашуу көрсөткүчү боюнча презентация жасады. Быйылкы жылы башка жылдардан өзгөчөлөнүп аймактарды өнүктүрүү жылына карата тоолуу райондорго жана алыскы аймактарга алдыңкы бүтүрүүчүлөр бөлүштүрүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть