13:23 26 апреля 2018

КМЮА мектеп окуучуларын сыйлады

КМЮАнын юридикалык колледжинде салт болуп калган Бишкек шаарынын жана Чүй областарынын орто мектептеринин жогорку класстарынын окуучулары үчүн «Ачык эшик» иш чарасы болут өттү.

Ар бир мектептин жетекчилерине юридикалык колледж тарабынан уюштурулуп жана өткөрүлө турган «Кыргызстан тарыхы» сабагы боюнча өтүлүүчү 9-класстын окуучулары арасындагы олимпиаданын жыйынтыгы жөнүндө толук маалымат берилип, бул пландалган олимпиада март айында өткөрүлүп, Бишкек шаарынан жана Чуй областынан 30тан ашуун мектептеринин эң мыкты деген окуучулары олимпиадага катышышып, жыйынтыктары чыгарылды.

Андан тышкары февраль айында 40 ашуун мектептердин 8-9-10-11-класстарынын окуучуларына жарыяланган жаш оспурумдордун укуктук маданиятын жогорулатуу долбоорунун алкагында отулгон «Мен жана менин укугум» деген темадагы дил баяндар конкурсу да өз маалында окуучулар тарабынан жазылып, комиссия тарабынан дыкат текшерилип, бул жооптуу иш да жыйынтыкталды.

24-апрелде Юридикалык Академиянын чоң залында жогоруда айтылган олимпиада жана дил баяндар конкурсу аякталып, жыйынтыкталынып, салтантаттуу сыйлоо иш-чарасы өткөрүлдү. Мектептерден келген окуучулар жана мектеп жамааттары,олимпиаданын жеңүүчүлөрүн даярдап такшалтып окутуп келген тарых сабагынын мугалимдери, юридикалык колледждин жалпы жамааты катышышты.

Эң мыкты деп аныкталган дил баяндар жана Кыргызстан тарыхы-сабагы боюнча олимпиадада алдыңкы орунду ээлеген окуучулар:

«Кыргызстандын тарыхы” боюнча олимпиадага активдүү катышкандар Ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланды:

Ильяс уулу Нурөөлөт (СОШ №87)
Ырысбай уулу Дөөлөт (ШЛ №76)
Бекбоев Арген (СШ Ново-Покровка)
Хван Анна (СОШ № 52)
Ильяз уулу Альберт (УВК № 67)
Касымбекова Айканыш (ГПГ № 4)

Диплом жана жана баалуу белектер кыргыз тилинде ташыргандар

Диплом III даража – Бекболсун уулу Кайрат (СОШ № 87)
Диплом II даража – Медербек уулу Брюс (УВК № 68)
Диплом I даража – Кайымов Эмильбек (СШ Ново-Покровка)

Диплом жана жана баалуу белектер расмий тилде ташыргандар

Диплом III даража – Нурдин кызы Бегайым (СОШ № 53)
Диплом II даража – Сталбеков Кубат (СОШ № 27)
Диплом I даража – Марат кызы Акылай (СШ Ак-Тилек)

“Мен жана менин укугум” дил баяндар конкурсуна активдүү катышкандар Ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланды:

Кармышова Нурай (УВК № 66)
Дыйканова Адинай (СШ № 83)
Орузбаева Бегаим (УВК № 69)
Кудайназаров Арстан (ШГ № 63)
Байбосунова Адель (ЭЭЛ № 65)
Винтовкина Евангелина (СОШ № 32)
Нурланбеков Кайрат (УВК № 67)

Диплом жана жана баалуу белектер кыргыз тилинде ташыргандар:

Диплом III даража – Акылбек кызы Айзат (СШ № 91)
Диплом II даража – Аширбек кызы Медина (СШ № 53)
Диплом I даража – Турдубекова Айдана (УВК № 68)

Диплом жана жана баалуу белектер расмий тилде ташыргандар:

Диплом III даража – Рахатбекова Альбина (ШГ № 72)
Диплом II даража – Исмаилов Билал (ШГ № 29)
Диплом I даража – Казиев Ренат (СОШ № 45)

Ал эми кийинки сыйлыктар олимпиаданын жеңүүчүлөрүн даярдашкан мугалимдерге, мектептердин колледж менен тыгыз байланышта иштеп келе жаткан мектеп администрациясына КМЮАнын жетекчилиги тарабынан «Ыраазычылык каттар» тапшырылып андан тышкары белектер да берилди.

Мектеп жетекчилеринин юридикалык колледждин жамаатына, студенттерине ыраазычылык сөздөр айтылып, мындан ары да тыгыз байланышта иш жүргүзүп туруу, каалоолору айтылды. Андан соң окуучуларга арналган юридикалык колледждин студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды жана КМЮА тууралуу тартылган видеороликтер көрсөтүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть