17:53 27 апреля 2018

ОшТУда иштешүү жана кызматташуу боюнча тегерек стол уюштурулду

Ош технологиялык университетинин базасында Билим берүү жана илим министрлиги, Технологияларды, билим берүүүнү жана ишкердикти жандандыруу борбору (ТБИЖБ) менен биргеликте, Германиянын эл аралык кызматташуу коому “GIZ”, “Борбордук Азиядагы кесиптик билим берүү” программасынын алкагында жумуш берүүчүлөр менен биргеликте “ЖОЖ-ишкана: Иштешүү жана кызматташуу келечеги” аттуу тегерек стол уюштурулду.

Тегерек стол Германиянын эл аралык кызматташуу коому “GIZ” “Борбордук Азиядагы кесиптик билим берүү” программасынын колдоосунда уюштурулду. ОшТУнун Карьера борбору, бүтүрүүчү кафедралары менен биргеликте жумуш берүүчүлөр, окутуучулар жана студенттер чакырылды. Тегерек столду Ош технологиялык университетинин окуу иштери боюнча проректору, профессор Кубаныч Топчубаевич Мансуров алып барды.

Иш-чаранын максаты - ЖОЖдор менен Кыргыз Республикасынын ишканалары ортосунда адистерди даярдоо сапатын жакшыртуу жана бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштурууга көмөктөшүүнү жакшыртуу жолдорун талкулоо.

Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Абылкасымова Гүлмира Мамытовна “Дуалдык билим берүүнү киргизүүнүн келечеги жана артыкчылыктуу багыттары”, “GIZ” “Борбордук Азиядагы кесиптик билим берүү” программасынын өкүлү Уран Тыналиев “Билим берүү мекемелери менен жеке менчик сектордун ортосундагы мамилелерди бекемдөө процессиндеги ТБИЖБнин ролу” деген темаларда презентация жасашты.

Жумуш берүүчүлөр, окутуучулар жана студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты. Кызуу талкуунун алкагында атайын резолюция кабыл алынды. ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору, профессор Кубаныч Топчубаевич Мансуров окуу жайдагы жумуш берүүчүлөр менен биргеликте аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берип, жалпы катышуучуларга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть