11:14 28 апреля 2018

ОшМУ Ирандын университеттери менен кызматташат

Ош мамлекеттик университетинде 26-апрель күнү Иран киносу күндөрүнүн ачылышы болду. Салтанатка Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Моджтаба Рузбехани, элчиликтин маданий өкүлчүлүгүнүн башчысы Али Хакимпур баштаган делегация катышты.

Ачылыштын алкагында Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Али Моджтаба Рузбехани мырза менен ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков эки тараптуу билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндөгү меморандумга кол коюшту.

Эми түзүлгөн келишимдин алкагында ар жылы ОшМУнун 10 студенти Иран Ислам Республикасындагы ЖОЖдордон окуп келүүгө мүмүкүнчүлүк алышты.

Ошондой эле биргелешип изилдөө долбоорлору, академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча кызматташуу маселелери талкууланды жана ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетиндеги Иран таануу борборунун иш аракеттерин колдоо багытында сүйлөшүүлөр жүрдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть