10:58 3 мая 2018

ЖАМУда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын абалы жана келечеги талкууланды

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25 жылдыгына арналган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы: абалы жана келечеги” аталышындагы Эл аралык илимий–практикалык конференция болуп өттү. Иш-чара Экономикалык-юридикалык факультетинин “Юриспруденция” багытындагы кафедралардын кызматкерлери тарабынан уюштурулган.

Конференцияга Казакстан Республикасындагы университеттерден өкүлдөр, республикадагы бир катар жогорку окуу жайларынын окумуштуулары жана ЖАМУнун эмгек жамааты катышты.

Анда келген коноктор тарабынан Конституцияга багытталган, илимий баяндамалар жасалды. Алгач иш-чараны ЖАМунун илим иштери боюнча проректору, профессор К.С.Алыбаев ачып, уюштуруучулардын жана конференциянын катышуучуларына ийгилик каалап өттү. Андан соң, баяндамалар жасалды.

Баяндамалар аяктаган соң катышуучулар тарабынан өлкөнү өнүктүрүү системалары жана андан аркы абалы жөнүндө, парламенттик башкаруунун келечеги, өзгөчөлүктөрү жана Конституциянын абалы жана келечеги тууралуу суроолор берилди. Жыйынтыгында жогорудагы илимий баяндамаларды басмага жарыялоо сунушталды, Баш мыйзамыбыз болгон Конституциядагы жазылган ар бир мыйзамды туура жана так колдонуп, аткара алсак мамлекетибиз туруктуу, мыйзамдуу өнүгүү жолуна түшөт деген ойлорун билдиришти.
Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть