6:56 8 мая 2018

ОшМУда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш чаралар жогорку уюшкандыкта белгиленип жатат

ОшМУда заманыбыздын залкар жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун 90 жылдык мааракеси белгиленген иш мерчемдер боюнча студенттер жана профессордук-окутуучулук курам тарабынан жогорку уюшкандыкта белгиленип жатат.

Университеттин ректору К.А. Исаков тарабынан демилгеленген “Айтматовду кайра окуйбуз” аттуу бир жылга созулган иш-чаранын негизинде окуу жылынын ар бир айында Ч.Т.Айтматовдун бирден чыгармасы окуу жайдын жамааты тарабынан окулуп, талкууланууда.

Бул тууралуу маалымат берген мамлекеттик тил боюнча проректор Ташболот Жороев: “Университетте февраль айында “Ак кеме”, март айында “Биринчи мугалим”, апрель айында “Саманчынын жолу” повесттери кайрадан окулуп, чыгармага жаңы көз-караштар менен талкуулар жүргүзүлдү. Аларды белгилей кетсек, апрель айында “Ак кеме” повести боюнча окурмандардын семинары уюштурулса, ушул эле айда медицина факультетинде “Ч.Айтматов жана эне тил” аттуу интеллектуалдык таймаш, табият таануу жана география факультетинде “Ч.Айтматов – кылым адамы” аттуу тегерек стол, искусство факультетиндк Ч.Айтматовдун чыгармаларына жазылган композициялар боюнча лекция-концерт, “Аалам алпы - Айтматов” аттуу графика, живопись жана декоративдик колдонмолор боюнча студенттердин көргөзмө-конкурсу, медициналык колледжде “Арыба, ак кеме, мен келдим” аттуу тегерек стол, эл аралык медицина факультетинин окутуучуларынын арасында “Кыямат” романынын алкагында “Адам жана жаратылыш” аталышындагы тегерек стол, Кыргыз-Европа факультетинде “Саманчынын жолу” – адамзаттын жолу” аттуу адабий-музыкалык кече, математика жана информациялык технологиялар факультетинде Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча конкурс, финансы-юридикалык колледжинде “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” аталышындагы адабий-музыкалык композициялар тартууланды”, - деди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть