8:53 11 мая 2018

Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган кечеде жазуучунун чыгармалары кыргыз, кытай тилдеринде жаңырды

Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинде заманыбыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган чон программадагы адабий-музыкалык кече тартууланды.

Кечеде Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча даярдалган слайд көрсөтүлүп, жазуучунун улуулугун даңазалаган ырлар кыргыз, кытай тилдеринде көркөм окуулду. Кеченин жүрүшүндө КЭРде билим алып жаткан студенттер “Айтматовду ким?” -деген суроого КЭРдеги окутуучулардан ынан интервью алып жөнөткөн видео коюлду. Ошондой эле жазуучунун “Саманчынын жолу” повестинен кыргыз тилинде, “Бетме -бет” повестинен кытай тилинде сахналык көрүнүштөр коюлуп, обондуу ырлар ырдалды.

Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган сүрөт конкурсун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө жана кечеде активдүү катышып, өзгөчө таланттары менен айырмаланган студенттерге факультеттин деканы Токтосун Айтикеев диплом, ардак грамоталарды тапшырды.

Ал эми Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучулары жана студенттери тарабынан колдо жасалган Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналган картина Кыргыз тил борборуна белекке берилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть