16:17 15 мая 2018

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия техникалык университетте семинар өткөрдү

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Биринчи бол” таасир берүү клубу менен биргеликте 2018-жылдын 15-майында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жыйындар залында улуттук баалуулуктарды ааламдаштыруунун алкагына киргизүүнүн зарылдыктары тууралуу “Тил –адамдын канаты” аталышында семинар өткөрдү.

Семинардын максаты - жаштарды мамлекеттик тилди эң мыкты деңгээлде билүүгө үндөө, расмий жана эл аралык тилдерди тереңирээк өздөштүрүп, дүйнөлүк рынок атаандаштыгына туруктуу муунду тарбиялоо.

Иш-чараны КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Медер Аким уулу ачып берип, катышуучуларды семинардын максаты менен тааныштырып өттү. Семинарга КР депутаты К.К. Иманалиев баяндамачы катары чакырылып, “Мамлекеттик тил жана улуттук иденттүүлүк” темасында кызыктуу баяндама жасап берди. Автор өз баяндамасында Кыргызстандын келечеги болгон жаштардын эне тилине болгон жоопкерчилигин, милдетин, сый-урматын арттырууну реалдуу мисалдар менен айгинелеп берди. Баяндаманын аягында темага карата студенттер тарабынан зор кызыгуу жаралып, суроо-жооп иретинде талкуу уюштурулду. Негизинен бул иш-чара аркылуу жаш муундардын мекенчилдик сезими ойгонуп, улуттук баалуулуктарга болгон сый-урмат жогорулай түштү.

Кызыктуу жана таамай суроо беришкен студенттерге баяндамачы тарабынан белектер тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть