17-майда ректор, профессор Т.Абдырахманов "Түрксой" эл аралык уюмунун өкүлдөрү: уюмдун баш катчысы Фырат Пурташты, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчисинин орун басары Рымтай Карибжановду, Кыргызстандын "Түрксойдогу" өкүлү Кожогелди Култегинди, Түркиянын Анкара шаарындагы Гази университетинин профессору, доктор Женгел Хуля Касапоглуну кабыл алды.
Жолугушууда түрк маданияты эл аралык уюму "Түрксой тарабынан" «2018-жыл – Магжан Жумабаев жылы» деп жарыялангандыгына байланыштуу, бул иш-чараны университетте өткөрүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Соңунда бул иш-чараны өткөрүүгө көмөк көрсөтүп жаткандыгы үчүн ректор Т.Абдырахмановго жана окуу иштери боюнча проректор Т.Коңурбаевге ыраазычылык билдирди.