13:59 22 мая 2018

Ааламга аты чыккан Ч.Айтматовду таанытуу иш-чаралары жүрүүдө

Жалал-Абад шаарында ЖАМУнун Жаштар комитети тарабынан 21-майда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Айтматовду таанытуу» аттуу иш-чара өттү.

Залкар жазуучу көзү тирүү болгондо 2018-жылы 90 жашка толмок. Артына кылымдар бою өчпөс из калтырып кеткен улуу инсандын өлкөбүздө ушул жылы 90 жылдык маарекеси белгиленүү алдында турат. Ага карата өлкөбүздө, район-шаарларда, мекеме-уюмдарда бул маараке 1 жыл бою кызуу уланат. Алардын катарында ЖАМУнун Жаштар комитети калаа жашоочуларынан жана конокторунан, көп жүрчү коомдук жайлардын эс алуучуларынан Ч.Айтматов тууралуу сурамжылоо жүргүзүштү.

Иш-чаранын максаты – дүйнө эли тааныган Айтматовду дагы да жакындан таанытуу, аз да болсо чыгармаларын окууга тартуу.

"Бул акциябыздын жыйынтыгында биз сурамжылоо жүргүзгөн адамдардын көпчүлүк пайызы Айтматовду жакшы билбегенин аңдадык. Анткени суроону укканда эле айрымдары жооп берүүдөн качса, айрымдарынан ачык эле «билбейт экем», «чыгармаларын окуган эмесмин» деген сыяктуу жоопторду уга алдык. Ал эми суроолорубузга так, туура жооп берген тапкычтарга кызыктыруучу белектерди тапшырдык. Мындан сырткары, эң негизги белегибиз деп, аталган иш-чарабыз менен сурамжылоого катышкан замандаштарыбызга аз да болсо Айтматовду тааныта алдык деп ойлойбуз", – дейт акциянын уюштуруучулары.

“Ааламга аты чыккан Айтматов” деп көкүрөк какканыбыз менен, кийинки муун китеп окуудан оолактап, алп жазуучуларыбызды тааныбай бара жатканы өкүнүчтүү. Андыктан жалпы мекендештерибизди китеп окууга чакырабыз", - деп кошумчалашты алар.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть