11:52 25 мая 2018

ЖАМУда АКШдан келген ойлоп табуучу Эно Унох учуучу каражаттарды иштеп чыгаруучу технологиялар боюнча семинар өткөрдү

Жалал-Абад мамлекеттик унверситетинин “Америка ордосу” борборунун көмөгү менен жаштардын ойлоп табылган өндүмдөрү көргөзмөсү өткөрүлдү. Ага окуу жайдын тапкыч студенттери жана мектеп окуучуларынын эмгектери коюлду.

АКШдан келген ойлоп табуучу Эно Унох жаш ойлоп табуучулар, мектеп окуучулар, мугалимдер жана кызыкдар болгон адамдар үчүн учуучу каражаттарды иштеп чыгаруучу технологиялар боюнча семинар өттү. Семинардын катышуучулары кантип учуучу каражаттарын иштеп чыгууну үйрөнүштү. Өндүмдөрдү ойлоп тапкан жаш ойлоп табуучулар маанилүү ролду ойногон мамлекеттин экономикалык өнүгүшүнө түрткү бериши мүмкүн. Биз уюштурган көргөзмөгө жалпы 150 катышуучу катышып, өз өндүмдөрүн көрүүчүлөгө тартуулай алышты. Жаш муун арасында акылы зирек, тапкычтар көп экенин байкап өз өлкөбүздүн келечеги кең экендигине ынандык – дейт “Америка ордосу” борборунун башчысы М. Мурзалиев.

Ал эми көргөзмөдө мыкты деп табылган өндүмдөргө Эно Умох тарабынан сыйлыктар ыйгарылды. Андай сыйлыкка ЖАМУнун медицина факультетинин “Дарылоо иши” адистигинин 2-курсунун студенттери электр булактарын алуунун жолдорун ойлоп тапканы үчүн белекке ээ болушту. Алар: Ракиш Кумар, Анант Маурия.

Эно Умох – абадан сүрөткө тартууну ишке ашырган жана карталарды түзгөн Global Fir Media компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Унох жумушчулар муктаж болгон дайыма өнүгүп турган жаңы технологияларды ойлоп табууну студенттерге үйрөтөт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть