13:35 29 мая 2018

ОшМУ Венгриянын университеттери менен кызматташууну өнүктүрөт

ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков Венгриянын Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан Республикаларындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Андраш Барани мырза жана Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Ардактуу консулу Алмазбек Арстамбаев менен жолугушуп, маданий-гуманитардык багытта кызматташуу маселелерин талкуулады.

Жолугушуу учурунда Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетинде студенттерге, магистранттарга, окутуучуларга венгер тилин, маданиятын, тарыхын, экономикасын жана саясий түзүлүшүн окуп үйрөтө турган ресурстук борбор ачууга жетишилди. 2018-2019-окуу жылынан тартып эл аралык мамилелер факультетиндеги аталган борборду керектүү адабияттар, оргтехника менен жабдуу ишке ашырылса, 2019-жылы венгер тилин алып жүрүүчү профессор ОшМУда эмгектене баштайт. Ушул иш-аракеттердин жыйынтыгында келечекте ОшМУда “Венгер таануу” багытын ачуу маселеси каралды.

Мындан сырткары элчи мырза ОшМУда окуу үчүн түзүлгөн шарттар жана инфраструктура менен таанышып, жасалып жаткан иштерге жогору баа берди. Эл аралык мамилелер факультетинин жаңы окуу имаратына барып, келечектеги ресурстук борбордун орду менен таанышты.

Жолугушуунун алкагында ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков Венгриянын айыл чарба багытындагы жетишкендиктерин белгилөө менен университеттин ботаникалык багына инвестиция тартуу аркылуу агрардык секторго алдыңкы технологияны жайылтууну сунуш кылды жана венгер тарап бул маселенин үстүндө иш алып бараарын билдирди.

Андраш Барани мырза ОшМУнун студенттери, магистранттары үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларында гранттык негизде окуу үчүн шарт түзгөн программалар боюнча кеңири маалымат берип, аталган мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга чакырды. Академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча студенттерди, магистранттарды жана окутуучуларды 1-2 семестрге жөнөтүү маселеси да талкууланды. Бул иш-аракеттер ОшМУ менен Венгриянын университеттеринин ортосундагы тыгыз кызматташуунун натыйжасында ишке аша тургандыгы талашсыз. Факультеттин Европанын жана Чыгыш өлкөлөрүнүн университеттери менен бул жааттагы кызматташуу тажрыйбасы өз жемишин берип, Венгрия менен кызматташууда өзүнчө даяр модель катары колдонулат.

Белгилеп кетчү жагдай, буга чейин ОшМУ ЭРАЗМУС+ программасынын алкагындагы аймактар аралык мобилдүүлүк боюнча ишке ашып жаткан PAWER долбоору аркылуу Венгриянын Сегед университети менен ийгиликтүү кызматташып келет жана ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканы, доцент Камалов Эрлан жана дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин орто билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жороева Айгүл 2017-жылы аталган университетте стажировкада болуп, тажрыйба топтоп келишкен.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть