11:19 7 июня 2018

Андижан мамлекеттик университетинин студенттери ОшМУда практика өтөп жатышат

Ош мамлекеттик университети менен Андижан мамлекеттик университетинин эки тараптуу кызматташуу боюнча кол коюлган меморандумдарынын негизинде филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинин 2-курсунда окуган 9 студент 30-майда диалектологиялык практика өтөгөнү ОшМУга келишти.

Студенттер АнМУнун Филология факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары Олимжан Тожиев жана аталган тайпанын куратору Одина Усмановаладын жетекчилигинде келди. Алгач ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы Нурмамат Орозович баштаган жамаат менен жолугушуп, пикир алышты. Андан соң факультеттин билим алууга түзүлгөн шарттары менен жакындан таанышып, практика боюнча көрсөтмөлөрдү алышты.

Учурда практика өтөө үчүн келген студенттер куратору менен биргеликте Ош шаарынын айланасындагы жакынкы айыл-кыштактардан диалектилик сөздөрдү топтошуп, практика өтөшүүдө.

Мындай кызматташтыктардын ишке ашуусунда жакындан салым кошкон эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Семетей Амиралиев студенттердин фольклордук, диалектологиялык, талаа практикаларын өтөө жараяны 2016-жылдын 21-ноябрда окуу жайлардын ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча кол коюлган меморандумдун негизинде жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть