2018-жылдын 13-июнунда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Бүтүрүүчүлөрдү уядан учуруу» аземи өткөрүлөт.
Кыргыз-Түрк «Манас» университети учурда 17-бүтүрүүчүлөрүн уядан учуруп жатат. Университет экономика, тарых, түркология, инженерия, журналистика, туризм тармагындагы 2000ден ашуун адистерди даярдап келет.
2017-2018-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанаттуу кечеге университеттин Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү, министрлер, бир топ жогорку окуу жайларынын ректорлору чакырылган.
Иш-чара өзгөчө шаң менен башталмакчы жана университеттин алдыңкы студенттерине сыйлык берүү жана бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүктөрдүн тапшырылышы күтүлүүдө.