15:58 12 июня 2018

ЖАМУнун Аймактык билим берүү мекемелеринин арасында «Жылдын мыкты усулчусу-2018» сынагы жыйынтыкталды

Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги Аймактык билим берүү мекемелеринин арасында чыгармачылык менен иштеген окутуучуларды колдоо, билим жана тарбия берүүдөгү жаңы технологияларды жайылтуу, окутуучулардын кесиптик байланыштарын кеңейтүү максатында жыл сайын өткөрүлүп келген «Жылдын мыкты усулчусу-2018» сынагы 9-июнда Кочкор-Ата колледжинде өттү.

Сынакты төмөнкү курамдагы калыстар тобу жетектеди:

К.Калчекеев –  ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору, калыстар тобунун төрагасы;

З.Асилов – ЖАМУнун аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, техника илимдеринин кандидаты, калыстар тобунун мүчөсү;

Н.Айтикеев – ЖАМУнун билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн методисти, калыстар тобунун мүчөсү.

Сынактын ачылыш аземинде ЖАМУнун илимий иштери боюнча проректору, ф-м.и.д., профессор К.С.Алыбаев конкурсту өткөрүүнүн максаты, тарыхы, келечеги жана педагогикалык мааниси жөнүндө токтолду. Ачылыш аземге ЖАМУнун колледждеринин жетекчилери, окутуучулары жана Кочкор-Ата колледжинин эмгек жамааты катышты.

Сынакка ЖАМУнун Медициналык колледжинин окутуучусу Бакалаева Лайли (органикалык химия предмети), Майлуу-Суу колледжинин окутуучусу Курманбекова Гүлайым Насирдиновна (кыргыз тили предмети), Жалал-Абад колледжинин окутуучусу Карабекова Чынара Кайсарбаевна (биология предмети), Кочкор-Ата колледжинин окутуучусу Назарбаева Батма Суйналиевна (тарых предмети), Кара-Көл колледжинин окутуучусу Аскарова Аида Орунбековна (электротехника предмети), Т.Бектолотов атындагы Аксы колледжинин окутуучусу Мергенбаева Анара Дайыровна (экономика предмети), Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык факультетинен ага окутуучусу Субанов Бекжан Абдыжалилович (информатика предмети) катышты.

Сынак 4 этап менен өттү. Биринчи этабында катышуучулар өздөрүнүн педагогикалык чыгармачылык материалдары, басмадан чыккан илимий жана окуу-усулдук эмгектери, билимин өркүндөтүү боюнча сертификаттары, сыйлыктары менен көргөзмө түрүндө тааныштырды. Экинчи этабында жеке кесиптик педагогикалык ишмердүүлүгү боюнча презентация жасашты. Үчүнчү этабында өздөрүнүн тандаган предметинин «Сабак-чеберчиликтин чокусу» темада ачык сабактарды өтүштү. Ал эми төртүнчү этабында педагогикалык жагдайдагы тесттик тапшырмаларды иштешти.

Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен байгелүү 1-орунга Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык факультетинен ага окутуучусу Б.Субанов, 2-орунга Жалал-Абад колледжинин окутуучусу Ч.Карабекова жана Кочкор-Ата колледжинин окутуучусу Б.Назарбаева, 3-орунга Майлуу-Суу колледжинин окутуучусу Г.Курманбекова татыктуу болушту жана уюштуруучулар тарабынан дипломдор, эстелик белектери менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть