17:29 12 июня 2018

ОшМУ Кытайдын “Ао Пен СЕО” эл аралык дистанттык билим берүү борбору менен кызматташат

ОшМУ Кытай Эл Республикасынын “Ао Пен СЕО” эл аралык дистанттык билим берүү борбору менен кызматташат. Бул тууралуу 11-июнь күнү ОшМУнун ректору Каныбек Исаковдун аталган борбордун генералдык директору Чжао Мин менен болгон жолугушуусунда сөз болду.

Ректор, профессор К.А.Исаков өткөн жылдын декабрь айында Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарында аталган борбордун жетекчилиги менен жолугуп, дистанттык билим берүүдө заманбап технологияларды чогуу колдонуу, бул багыттагы КЭРдин жетишкендиктерин Кыргызстанга жайылтуу демилгесин көтөргөн болчу.

Жемиштүү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында “Ао Пен СЕО” эл аралык дистанттык билим берүү борборунун генералдык директору Чжао Мин, анын коомчулук менен байланыш боюнча орун басары Ан Ии Цзинь жана бул борбордун директорунун техникалык маселелер боюнча орунбасары Ян Ион Ниян кирген делегация 11-июнда ОшМУга келди.

Делегация иш сапардын негизги максаты ОшМУ менен дистанттык билим берүүнүн заманбап технологияларын колдонуу багытында тыгыз кызматташуу болуп саналарын белгилешти.

ОшМУнун жетекчилиги менен болгон жолугушууда “Ао Пен СЕО” эл аралык дистанттык билим берүү борборунун генералдык директору Чжао Мин мырза борбордун жасап жаткан жумуштары боюнча презентация жасады. Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, ОшМУнун жетекчилиги, окумуштуулары жана адистеринин катышуусунда кызуу талкуу менен коштолду. Жолугушуудан кийин аталган делегация ОшМУнун окуу корпустары, материалдык-техникалык базасы жана дистанттык билим берүүдө колдонулуп жаткан ресурстар, технологиялар менен таанышышты. Делегация башчысы Чжао Мин мырза бул багытта ОшМУда жасалып жаткан жумуштарга жогору баалап, ОшМУ учурда дистанттык билим берүүнүн заманбап технологияларын колдонууга толук даяр экендигин белгиледи. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында эки тарап тең тыгыз кызматташууга жана ОшМУнун ректору, профессор К.А.Исаковдун демилгеси менен тиешелүү иш-чаралардын мерчемин түзүү үчүн атайын жумушчу топ түзүүгө макулдашылды.

Белгилей кетсек, “Ао Пен СЕО” эл аралык дистанттык билим берүү борбору Кытай Эл Республикасында эле эмес, дүйнөдөгү эң алдыңкы билим борборлорунун бири. Учурда Кытай Эл Республикасында 3000ден ашуун ЖОЖдор менен дистанттык билим берүүдө заманбап технологияларды колдонуу менен кызматташып, 20 миллиондон ашык студенттерге 400 адистик боюнча билим берип келе жатат. Бул борбор учурда дистанттык билим берүүнүн 4-деңгээлине чыгып, мобилдик интернет, эмоционалдык өз-ара аракет жана жекече мамиле принциптери аркылуу сапаттуу адистерди даярдап жатат. Дүйнөнүн бир катар өнүккөн АКШ, Япония, Малайзия сыяктуу өлкөлөрү менен тыгыз кызматташып, мыкты тажрыйбасы, алдыңкы маалыматтык технологиялары менен ошол өлкөлөрдүн билим берүү мейкиндигин багындырууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть