12:22 13 июня 2018

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде студенттеринин бүтүрүү кечеси өттү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенттеринин бүтүрүү кечеси 12-июнь күнү АТФнын чоң жыйындар залында болуп өттү.

Кечеге окуу жайдын ректору техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович, проректорлор, декандар, профессордук-окутуучулук курам, студенттер жана ата-энелер күбө болушту.

“Карт тарыхты өзүнө камтыган окуу жайыбызда ааламга аты чыккан кыргыз элинин чыгаан уул-кыздары билим алган. Ошол улуу инсандар билим алган жерден силер да билимге сугарылып, атайын адиске ээ болуп, канат күүлөп турасыңар. Силердин келечегиңер кенен болсун, турмуш жолуңар ачык болсун! Ар бир кесип ардактуу, алган кесибиңер менен иштеп, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошосуңар деген ишеничтебиз! Ак жол сага бүтүрүүчү", – деп куттуктап өттү ректор.

Ал эми окууда, коомдук иштерде мыкты жетишкендиктерге жеткен алдыңкы студенттерге окуу жайдын Ардак грамоталары ыйгарылды. Бул майрамдык кече бүтүрүүчүлөрдүн концерттик программасы менен коштолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть