17:54 27 июня 2018

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Студенттер билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” аттуу фестивалы өттү

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 22-23-24-июнь күндөрү “Студенттер билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” аттуу фестивалы өттү. Ал 2016-жылы түзүлгөн Ош декларациясынын алкагында, Аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюшулду.

Фестивалдын катышуучулары:

• Ысык-Көл мамлекеттик университети;

• Талас мамлекеттик университети;

• Нарын мамлекеттик университети;

• Баткен мамлекеттик университети;

• Жалал-Абад мамлекеттик университети;

• Ош мамлекеттик университети;

• Ош гуманитардык-педагогикалык институту.

“Фестивалдын максаты республикабыздын аймактарындагы ЖОЖдор арасында ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, студенттердин интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, студент-жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо менен алардын ортосундагы достукту бекемдеп, түрдүү бөлүнүп-жарылуулардын алдын алуу. Иш-чара студенттер бири-бири менен таанышып, тажрыйба алмашуусуна жана ынак мамиледе болуусуна өбөлгө болууда", - дейт ЖАМУнун проректору Айгүл Доранова.

Фестивалдын жобосуна ылайык, төмөндөгүдөй жанрларда жана формада программа даярдалган:

1. Видеотасма;

2. Саламдашуу;

3. Фольклордук жанр;

4. Хореографиялык жанр;

5. Поэзиялык жанр;

6. Сахналык көрүнүш;

7. Эстрадалык жанр.

ЖАМУдан барган таланттуу студенттер ОГПИнин Ардак грамотасы, 10 миң сомдук сертификат, 4 жанр боюнча достук фестивалынын лауреатынын диплому жана башка баалуу белектер менен сыйланышты. Фестивалдын аягында 7 аймактан келген ЖОЖдордун студенттери, окутуучу-кызматкерлери Ош шаарынын тарыхый-маданий жайларына, тактап айтканда, Сулайман-Тоого, тоодогу музейлерге, “Алымбек датканын айылы” комплексине, шаардын сейил бактарына саякатташты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть