13:21 10 июля 2018

ОшМУнун делегациясы Кадис университети уюштурган эл аралык жумалыкка катышып келди

Ош мамлекеттик университетинин өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев жетектеген делегация июнь айында Испаниянын Кадис университетине барып, Эразмус+ программасынын алкагында уюштурган эл аралык жумалыкка катышып келишти.

Аталган делегациянын курамында Кыргыз-Европа факультетинин деканы Мараш-Оглы Шукри Вазирович, кафедра башчы Марат Татенов, мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Фарида Алиева, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин окутуучулары Зарипа Сагындыкова жана Акбермет Козубаевалар да болуп келишти.

Эл аралык жумалыктын алкагында ОшМУдан барган өкүлдөр Кадис университетинин эл аралык байланыштар борборунун директору Хуан Карлос Гарсия Галиндо менен жолугушуп, кызматташууну күчөтүү боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Сүйлөшүүлөдүн алкагында үстүбүздөгү жылдын октябрь-ноябрь айларында Гарсия Галиндо мырза Ош МУга келип, испан тили жана маданияты борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып кете тургандыгы макулдашылды.

Аталган жумалыкта Ош МУнун окутуучулары Италия, Молдова, Грузия сыяктуу өлкөлөрдөн келген өкүлдөрү менен таанышып, мындан аркы кызматташуу пландарын талкуулашты.

Буга чейин ОшМУнун 4 студенти "Эразмус+" программасынын негизинде 2017-2018-окуу жылынын жазгы семестрин Кадис университетинде окуп келишкен.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть