14:09 25 июля 2018

Түштүк Кореянын студенттери Ош технологиялык университетине жайкы лагерге келишти

2018-жылдын 23-июль күнү Түштүк Корея мамлекетинин Сеул шаарындагы «Суншил» университетинин “Суншил кайрымдуулук кыймылы” тобунун мүчөлөрү Ош технологиялык университетине 1 жумалык жайкы лагерге келишти. Аталган лагерге жалпысынан жалпы 24 өкүл келди: 5 мугалим, 2 жардамчы жана 17 студент.

Топту кайрымдуулук борборунун директору, профессор Ким Де Гуон жетектеп келген. Бул топ Ош технологиялык университетиндеги Ош Сежоң Хакдаң корей тили борборунда жайкы лагерь өткөрүү менен биргеликте борбордо окуп жаткан студенттерге жана окуучуларга корей элинин үрп-адат, каада-салттары менен жакындан тааныштырышмакчы.

ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов жайкы лагерге келген топтун курамын тосуп алып, мындан арыда эки өлкөнүн ок жайлары менен байланыштар дайыма түзүлүп тураарын баса белгилеп айтып кетти.

Окуу жай тарабынан лагерге келген конокторго мыкты шарттарды түзүлүп, жайкы лагерь өз ишин кызуу баштады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть