12:16 27 июля 2018

ОшМУнун окуу имараттары менен жатаканалары капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат

Ош мамлекеттик университетинде университеттин билим берүү инфраструктурасын жакшыртуу, реконструкциялоо, модернизациялоо багытында алгылыктуу иштер жүрүп келет.

Учурда университеттин №6, №15 окуу корпустары, бизнес жана менеджмент, медицина, юридика, тарых факультеттери, №4 А, №4 Б жатаканалары жана быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Ош облусунун Ноокат, Кара-Кулжа, Кара-Суу райондорунда ачылган университеттин гимназиялары толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. Университеттин башкы имаратынын жер төлөсү, ажатканалар оңдолуп, желдеткичтер орнотулууда.

Мындай капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү, окуу имараттарын, жатаканаларды, спорт комплекстерди, студенттик ашканаларды, ажатканаларды, имарттардын тышкы, ички көрүнүштөрүн жаңыртуу, жаны окуу имараттарын салып, жаны инфраструктураларды түзүү университетте пландуу негизде ишке ашып келет. Бул иш-аракеттер жаңы окуу жылында окутуучулардын жаңы дем менен иш баштоосуна, студенттердин таза, кенен, жарык, бардык шарттар каралган аудиторияларда билим алуусуна шарт түзөт.

Белгилей кетсек, ОшМУда бардык окуу имараттары, кафедралар, аудиториялар, жатаканалар, спорт комплекстери жыл сайын кезеги менен капиталдык оөдоп-түзөөдөн өтүп, жаңы мазмунга, жаңы көрүнүшкө ээ болууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть