14:10 7 августа 2018

ОшТУда жайкы лагер жыйынтыкталды

Ош технеологиялык университетине келген Түштүк Корея мамлекетинин Сеул шаарындагы «Суншил» университетинин “Суншил кайрымдуулук кыймылы” тобунун мүчөлөрүнүн жайкы лагери ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Окуу жайга келген коноктор Ош технологиялык университетиндеги Ош Сежоң Хакдаң корей тили борборунда жайкы лагерь өткөрүү менен биргеликте борбордо окуп жаткан студенттерге жана окуучуларга корей элинин үрп-адат, каада-салттары менен жакындан тааныштырышты. Жыйынтыктоо аземинде Окуу жайдын таланттуу студенттери тарабынан көңүл ачуучу концерттик программа тартууланып, конокторго ОшТУнун ректору профессор Абдыкадыр Абидов ыраазычылык билдирип, эки мындан арыда Ош технологиялык университети Түштүк Кореянын жогорку окуу жайлары менен кызматташуу болуп турарын баса белгиледи.

Эскерте кетсек 2018-жылдын 23-июль күнү Түштүк Корея мамлекетинин Сеул шаарындагы «Суншил» университетинин “Суншил кайрымдуулук кыймылы” тобунун мүчөлөрү Ош технологиялык университетине 1 жумалык жайкы лагерге келишкен. Аталган лагерге жалпысынан жалпы 24 өкүл келди: 5 мугалим, 2 жардамчы жана 17 студент.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть