15:29 7 августа 2018

КУУга Шанхай саясат жана укук университетинен делегация келди

Автор: Пресс-служба

2018-жылдын 6-августунда КУУнун ректору Канат Садыков Шанхай саясат жана укук университетинен келген делегацияны кабыл алды. Аталган окуу жайдын партиялык комитетинин бөлүм башчысы Цзян Суняо мырза, жаштар лигасынын катчысынын орун басары Сюн Лихуа мырза жана окуу бөлүмүнүн кызматкери Янг Лийин айым менен болгон сүйлөшүү учурунда эки университеттин ортосундагы кызматташтыкты өөрчүтүү маселелери талкууланды.

Башкы имараттагы кичи жыйындар залында болгон жыйында КУУнун ректору ШСУУдан келген 28 студентке Улуттук университет жана эки жождун ортосундагы алакалар тууралуу айтып, кытайлык студенттердин суроолоруна жооп берди.

Иш-чараларга о.э. "Рассвет Шелкового пути" билим берүү борборунун мүдүрү Субай Анарбек, КУУдагы "Бир алкак - бир жол" билим берүү борборунун мүдүрү Рашид Юсупов, КУУнун эл аралык кызматташуу департаментинин жетекчиси Бакыт Келдибеков жана юридика илимдеринин доктору, КУУнун профессору Кайрат Осмоналиевдер катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть