12:17 1 сентября 2018

ЖАМУда Билим күнү белгиленди

Бүгүн, 1-сентябрда Жалал-Абад мамлекеттик университети Билим күнүн жалпы студенттер менен биргеликте белгилеп, абитуриенттер окуу жай менен таанышты.

Окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов куттуктоо сөзгө чыгып, "биздин окуу жайды тандап, биздин студент болушуңар менен чын дилимден куттуктайм" деди. “ЖАМУ аймакта жайгашканы менен республикада өз орду бар, тарыхы бай университет. Бул жерден илимдин, билимдин жана маданияттын классиктери билим алган. Атап айтсам, Ж.Бөкөнбаев, Т.Уметалиев, Ш.Абдраманов, Ж.Мавлянов, Т.Байзаков, М.Борбугулов, Т.Шамшиев, сүрөтчүлөр Г.Айтиев, С.Акылбеков, окумуштуу-академик, профессорлор Муса Адышев, Рахат Ачылова, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Нургазы Бримкулов ж.б. ушул жерди бүтүргөн. Силер дагы татыктуу билимге ээ болуп, келечекте өз билимиңерди сынайсыңар. Жаштарга татыктуу билим берүү максатында жалпы жамаат биримдикте, материалдык-техникалык базаны жылда жаңылап, заманбап талапка ылайыктоодо. Алган билимиңиздерди турмушта колдонуп, келечекте мыкты инсан, кесипкөй адис болушуңарды каалайм!”, - деген каалоосун айтып өттү ал.

Аны менен катар эле абитуриенттерге жетекчилик курам тааныштырылып, проректорлор, декандар, директор жана ата-энелер каалоолорун билдирип, алардын окууларына ийгиликтерди каалашты.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына, Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына, Көчмөндөр цвилизациясына жана аймактарды өнүктүрүү жылына карата ачык сабак уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть