17:19 13 сентября 2018

Борбор Азиядагы Америка университетинде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган конференция өттү

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган «Көчмөндүүлүк, мобилдүүлүк жана массалык маалымат каражаттары» аталышындагы конференция Борбордук Азиядагы Америка университетинде 29-30- август күндөрү уюштурулду. Аталган конференцияга ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика кафедрасынын окутуучулары Зарина Маматжанова "Сапаттуу медиа – жаркын келечек", ал эми Махабат Мамырова "Кылым карыткан көчмөндөр оюндары" аталышындагы баяндамалары менен катышышты.

Конференциянын катышуучуларынын маалыматында, аталган конференцияга Түштүк Кореянын Халым университетинен доктор Шин Дон Ким, Истанбул Сехир университетинен Пеями Челикжан, Түштүк Казакстан мамлекеттик университетинен Асма Калыбекова, Милан университетинен (Италия) Нелло Бариле, жазуучу, драматург , «Кыргыз эл жазуучусу» Мар Байжиев, Кыргыз-Турк "Манас" университетинен Гүлзада Станалиева сыяктуу белгилүү окумуштуулар катышышкан. Аталган конференция 2 күнгө уланып, анда кызыктуу баяндамалар талкууга алынган.

Конференциянын катышуучулары 2-3-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдөгү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу мүмкүнчүлүгө да ээ болушкандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, журналистика кафедрасынын окутуучулары З. Маматжанова жана М.Мамырова ушул эле жылдын 4-июлунан 6-июлуна чейин Бишкек шаарында Казакстан, Өзбекстан, Таджикистан, Туркменистан жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын окутуучулары катышкан Борбордук Азия боюнча биринчи жолу уюштурулган Медиасабаттуулук эдьютонуна катышып, тажрыйба алмашып келишкен.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть