15:22 21 сентября 2018

КМКТАУда «Кыргыз тили – мекен тили» иш-чарасы өттү

2018-жылы 20-сентябрда Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынышынын урматына жана заманбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Кыргыз тили - мекен тили»деген аталыштагы иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чараны КМКТАУнун илим жана мамлекеттик тил боюнча проректор, т.и.к., доцент Н.Маданбеков ачып берди, андан соң «Кыргыз тили» кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидады, доцент К.Жумакадырова мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

Мамлекеттик тил күнүнө арналган бул иш-чарада 1-курстун студенттери арасында «Көркөм окуу» сынагы өтүп, сушуталган темалар боюнча перезентациялар жасалды. Иш-чаранын соңунда сынактын жыйынтыгы чыгарылып, төмөндөгү студенттер жеңүүчү деп таанылды:

1-орун – Рустамов Баястан, ПМ-1-18 т.студенти (автордук ыр);

2-орун – Угарева Алиса, ХПИ-2-18 т. студенти;

2-орун – Капарбекова Айназик, ИСТ-1-18 т. студенти;

3-орун – Анарбек кызы Элизат, ПИ-1-18 т. студенти;

3-орун – Арстанбекова Шахра, ОРМ-18 т. студенти;

3-орун – БИС-2-18 тобунун студенттери (Ч.Айтматовдун «Маңкурт» чыгармасынын презентациясы).

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть