12:10 24 сентября 2018

ИИМ Академиясында Мамлекттик тил күнү белгиленди

23-сентябарь – мамлекеттик тилибиздин 29 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында бир катар майрамдык иш-чаралар уюштурулду.

21-сентябрда өздүк курам катышкан салтанатта курсанттар жана студенттер мамлекеттик тилди даңазалап, көркөм жана обондуу ырларды аткарышып, улуттук бийлерди бийлеп, акыйнек жана макал-лакап айтышты.

Иш-чараны ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары, млициянын полковниги Жаныбек Аалиев ачты. “Кыргыз тилине Мамлекеттик тил статусунун берилиши – адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө болгон зор кадам, ошону менен бирге коомдун руханий жаңыланууга, жаңыча ой жүгүртүүгө багыт алуусу. Мына быйыл эне тилибиздин жогорку макамга ээ болгонуна туура 29 жыл толуп жатат. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Элдин өмүрү – анын тилинде. Ар бир элдин тили – ошол нечен кылымдык акылман жаралган кымбат мурасы" деп айтканы бар. Андыктан, тил маселеси мамлекетибиздин орчундуу негизги багыттарынан болуп кала береринде шек жок. Эне тилди барктап, баалап, кадырын арттырып, анын өзөгүнө уютулган улуттук нарк-насилди кемитпей урпактарга улантуу – ар жарандын атуулдук аруу милдети”, - деди ал.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть