15:20 22 сентября 2018

ЖАМУда "Мамлекеттик тил жана Ч.Айтматов” иш-чарасы өттү

Филология факультетинин кыргыз тили кафедрасы Мамлекеттик тил күнүнө карата 21-сентябрда “Мамлекеттик тил жана Ч. Айтматов” аталышындагы иш-чара уюштурду. Ага ЖАМУнун илимий иштер боюнча проректору Курманбек Алыбаев, социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгүл Доранова, факультеттердин декандары жана профессордук-окутуучулар курамы, студенттер күбө болушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө куттуктоо сөзүнө чыккан проректор К.Алыбаев, ар бир улут өз эне тили менен улут болуп сакталарын белгилеп, байыркы ата-бабаларыбыздан калган мамлекеттик тилибизди сактап, өркүндөтүүгө ар бир жаран салым кошо аларын айтып өттү.

Тил майрамында студенттер тарабынан “Манас” айтылып, улуттук баалуулуктарыбыз жөнүндө баяндамалар жасалды, тил тууралуу ырлар окулуп, тамашоучалар тарабынан тамашалар коюлду.

"Мамлекеттик тил жана Ч. Айтматов” деп бүгүнкү иш-чаранын аталышын атаганыбыздын себеби, тилибиздин сакталып калуусуна, анын өнүгүүсүнө залкар жазуучунун салымы чоң. Алп жазуучунун 90 жылдык мааракесине карата илимий конференция уюштуруу планыбыз бар. Ошол жерде мамлекеттик тил менен Ч. Айтматовдун кандай байланышы бар экендиги тууралуу кеңири сөз айтылат. Баарыңыздарды Мамлекеттик тилибиздин 29 жылдыгы менен куттуктайм!", - деди кыргыз тили кафедрасынын башчысы Гүлжан Бакирова.

“Мамлекеттик тилибиз эч качан жоголбойт, бизден билим алып жаткан ар бир студент, бардык эле кыргыз жарандары турганда улуу тилибиз карт тарыхты карытып, муундан муунга өтө бермекчи”, - деп кошумчалады Г.Бакирова.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть