2018-жылдын 21-сентябрь күнү ОшТУнун бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасы тарабынан 20-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ишкерлер күнүнө карата, “Аймактагы чакан жана орто бизнести өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр” деген темада тегерек стол өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Тышкы байланыштарды жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттигинин директору, Ош JiA Бизнес Ассоциациясынын аткаруучу директору катышып, Ош облусундагы чакан жана орто бизнести өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр жөнүндө маалыматтар айтылды. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын экономикасына чоң салым кошуп ийгиликтүү иштеп келе жаткан ишкерлер бизнес жаатындагы практиканы студенттерге айтып беришти. Тегерек стол жогорку денгээлде өтүп, бизнести башкаруу адистигинде окуган студенттерге теория жүзүндө алып жаткан билимин практика менен айкалыштыруу багытында жүрдү.