10:54 26 сентября 2018

КМТУде мамлекеттик тил күнү белгиленди

2018-жылдын 25-сентябрында И.Раззаков атындагы КМТУда мамлекеттик тил майрамынын 29 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Бул иш-чарага КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев, КР Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Г.Ү.Ибраимова, КМТУнун жетекчилиги, жалпы эмгек жамааты жана студенттер катышышты.

Иш-чара КР президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан даярдалган кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусун кантип алгандыгы жана андан берки өнүгүшү тууралуу чакан фильмди көрсөтүү менен башталды.

Фильм аяктап, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни жаңыргандан кийин КМТУнун ректору, профессор М.Дж. Джаманбаев жыйынды ачты. Ал өз сөзүндө мамлекеттик тил майрамына арналган салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларын мамлекеттик тил майрамы менен куттуктады жана иш-чарага катышууга атайын келгендиги үчүн – КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевге, КР Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимовага ыраазычылыгын билдирди.

Студенттерди мамлекеттик тилди билүүгө, жакшылап үйрөнүүгө жана аны сүйө билүүгө чакырды. Андан кийин КМТУда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө зор салымдарын кошкон төмөнкү окутуучуларга КМТУнун Ардак грамотасын тапшырды.

1. “Физика” кафедрасынын доценти., ф-м.и.к. Ж.Абакирова;

2. “Электр энергетикасы” кафедрасынын башчысы, т.и.д., профессор Т.А.Джунуев;

3.“Коомдук тамак-аш азыктарынын технологиясы” каф. профессору., к.т.н.

Б.С. Тамабаева.

Кийинки сөз КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевге берилди. Ал иш-чаранын жалпы катышуучуларын мамлекеттик тил майрамы менен куттуктады. Студенттерди, жалпы эле жаштарды эне тилин билүүсүн жана ошону менен катар мамлекеттик тилди да билүүсү ыйык милдет экендигин айтып өттү. Ч.Айтматовдун жана М. Шахановдун чыгармаларынан мисал келтирүү менен жаштардын жүрөгүнө жете тургандай жалындуу сөздөрү менен кайрылуу жасады. Андан кийин КМТУнун төмөнкү окутуучуларына улуттук комиссиянын сыйлыктарын тапшырды:

1. “Кыргыз тили” төш белгиси - КМТУнун илимий иштер жана сырткы байланыштар боюнча проректору, ф.и.д., профессор Р.М.Султаналиева;

2. Ардак грамота - КМТУнун окумуштуу катчысы, т.и.к., профессор Б.Э.Таштобаева;

3. Ардак грамота - Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтунун директору, г-м.и.к., доцент А.О. Маралбаев.

Сөз кезегин КР Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Г.Ү.Ибраимова алып, ал учурда билим берүү системасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер, жетишилип жаткан ийгиликтер тууралуу кенен айтып берди. Мамлекеттик тил боюнча университет менен дайыма тыгыз иш болуп жаткандыгын терең белгилеп, окуу жайдын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле, быйыл министрликте Билим берүү борбору ачылгандыгын маалымдап, жогорку окуу жайлардын окутуучуларын бул борбордон кесиптик билимдерин жогорулатуу максатында окуу курстарына чакырды.

Университеттин Өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректору Б.Т. Төрөбеков өз баяндамасында ар бир белгиленген күндүн, майрамдын өзүнө тиешелүү тарыхы, маңызы, максаты, милдети бар экендигин айтуу менен, кыргызстандын ар бир жараны, кайсы улуттун өкүлү болбосун Мамлекеттик тилдин келечек тагдырына кайдыгер карабаганынын натыйжасында кыргыз тили Мамлекеттик даражада мыйзам жолу менен бекемделгендигин белгиледи. Университетте тиешелүү ченемдик-укуктук документтерди аткаруу менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси жөнгө салынгандыгын жана учурда бул жаатта аткарылып жаткан иштердин алгылыктууларына токтолду.

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү аяктап, андан кийин анын катышуучулары КМТУнун студенттери тарабынан даярдалган кыргызча ыр-бийлер менен коштолгон концертти көрө алышты жана абдан ыраазы болушту.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть