15:03 26 сентября 2018

КМУда педагогдор Мамлекеттик тил күнүн майрамдашты

23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата 2018-жылдын 25-сентябрында Педагогика факультетинде «Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан» аттуу майрамдык иш-чара өттү.

Иш-чарага факультеттин деканы Ж.Байсалов, декандын орун басары М.Тилекеев, Мамлекеттик тил боюнча адис А.Шерматов, окутуучулар жана окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын 1-курсунун студенттери катышты.

Алгач Мамлекеттик гимн аткарылып, андан соң сөз факультеттин деканы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Байсалов Жоомарт Усубакуновичке берилди. Жоомарт Усубакунович майрамдык иш-чараны ачып, буларга токтолду. «Баарыбызга белгилүү болгондой, мамлекеттик тилдин 3 айлыгы жарыяланып, Кыргызстандын бардык аймактарындагы билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тил майрамы абдан жакшы маанайда өткөрүлүп жатат. Бул күндүн урматына биздин факультетте майрамдык кечелер, тегерек столдор, конференциялар, ачык сабактар өтүлүүдө.

Мына бүгүн, Светлана Дунембекова жетектеген Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын студенттери концерттик программа тартуулаганы турушат.

Кыргыз эли бактылуу эл. Анткени дүйнөдө тили, мекени, салты жоголуп кеткен канчалаган эл жүрөт. Мисалы: 30 млн. калкы бар уйгур элинин мамлекети жок. Египедде 93 млн. калк жашайт, маданияты, салты сакталганы менен мамлекеттик тили – араб тили. Ошондуктан биз ата-бабаларыбыздын айкөлдүгүнө, кайраттуулугуна, эрдигине сыймыктануу менен таазим этүүбүз керек. Өзүбүздүн мекенибизди, тилибизди, дилибизди, маданиятыбызды сактап келгендери үчүн», – деди профессор Ж.Байсалов.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер «Улут болсом тилим менен улутмун», «Эне тилин унуткандар», «Кайдыгерлик», «Эне тил» аттуу кыргыз тилине арналган чыгармалардан көркөм окуп, мамлекеттик тилибизди даңктаган обондуу ырлардан чеберчилик менен аткарып, улуу элдин улуулугун, нарктуулугун даңазалаган макал-лакап, айтыш, акыйнек айтуу өнөрлөрү менен көрүүчүлөрдүн назарын бурушту. Өзгөчө башка улуттун студенттери аткарган номерлер Мамлекеттик тилди өркүндөтүүгө чоң чакырык таштады.

Иш-чара улуттук кийимдердин көргөзмөсүн көрсөтүү менен жыйынтыкталды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть